Бишкекте троллейбус аялды сүзүп кетип ал каза тапты

25 апреля 2018 11:52 1020 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте коомдук троллейбус аялды сүзүп салды, аял каза тапты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин жол коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынан кабарлашты.

24-апрелде саат 12:40та № 8 троллейбустун айдоочусу Москва көчөсү боюнча чыгыштан батышка карай бара жатып Тоголок Молдо көчөсү менен кесилишкен жерде жөө жүргүнчүнү койдуруп алган. Жол кырсыгынан 51 жаштагы Ч. Ж.алган жаракатынан тез жардам келгенче көз жумду.

31 жаштагы айдоочу Ч. У., эки аял троллейбуска жакын жерден жүгүрүп чыга калганын айтты. Чукул тормоз бергенине карабай ал аялдардын бирин сүзүп алган.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13759



Добавить комментарий