Бүгүн Жогорку Кеңеште жаңы шайланган өкмөт мүчөлөрү ант берет
Поделиться в:
Башында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев турган жаңы өкмөт бүгүн, 25-апрелде парламенттин жыйынында ант берет.
Өкмөттүн курамы, түзүмү жана программасы 20-апрелде парламент тарабынан бекитилген. Ошол эле күнү президент Сооронбай Жээнбеков жаңы өкмөттү дайындоо боюнча жарлыкка кол койгон.
Абылгазиевдин талапкерлиги курамына КСДП, «Кыргызстан», «Бир Бол» жана «Республика – Ата-Журт» фракциялары кирген көпчүлүк коалиция тарабынан сунушталган.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын тарыхында 30-өкмөт бийликке келип жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content13751
Добавить комментарий ×