Көрүстөндөгү вандализм учурлары көбөйдү

25 апреля 2018 08:01 753 Barometr
Поделиться в:
ok

Хатлон облусунун Яван районундагы христиандардын көрүстөндөрүнөн металл кресттерди, тосмолорду жана эстеликтерди уурдап кетүү фактылары көбөйүүдө. Бул тууралуу жергиликтүү христиандар коому билдирүүдө.

Маалыматтарга караганда, уурулар крест жана темир тосмолорду металлоломго өткөрүшөт. Яван районунун тургуну Алексей Черковдун айтымында, бир килограмм темирдин баасы 1-5 сомони (0,3-0,5 доллар) турат. “Биздин коом мүрзөлөрдү карап, жаңы кресттерди жана темир тосмолорду орнотууда, себеби эскилерин уурдап кетишип, металлоломго өткөрүшүүдө”, -деди ал.

Жергиликтүү христиандар коомунун башчысы Вера Тимофеева акыркы айларда райондогу эки көрүстөндөн 50дөн ашуун металл крестт уурдалганын айтты. “Мурдараак уурулар мугалимимдин бейитин темир тосмосуз калтырышыптыр. Алар апамдын мүрзөсүнүн тосмолорун дагы алып кетүүгө аракет кылышкан, бирок күчтөрү жеткен эмес. Менимче, бул балдардын шоктугу эмес, чоңдордун колунан келген нерсе”, -деди Вера Тимофеева.

Анын айтымында, жергиликтүү бийлик христиан көрүстөндөрүн кайтарууга көмөктөшүүнү убадалаган, бирок уурулук токтой элек.

2015-жылдын соңунда Фархор районунда белгисиз кишилер христиандар көрүстөнүндөгү 4 минден ашуун эстеликти талкалап кетишкен. Кылмыштын бети ачылган эмес.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13744



Добавить комментарий