Кылымдын келишими! Чаарат кенин иштетүүчү Кумтөрдү сатып алууда

24 апреля 2018 18:02 1449 Barometr
Поделиться в:
ok

Чаарат кенин иштетүүчү Chaarat Gold Holdings Ltd (CGH) компаниясы Канаданын алтын казып алуучу Centerra Gold Inc компаниясына Кумтөр кенин сатууну сунуштады. Бул тууралуу 24-апрелде Barometr.kgге Chaarat Gold Holdings Ltd компаниясынын филиалы- «Чаарат Заав» жабык акционердик коомунун өкүлү билдирди. 

Chaarat Gold Holdings Ltd  расмий түрдө Centerra Gold Кумтөрдү сатып алууну сунуштап жатканын тастыктады.

"Чаарат (AIM: CGH) – Кыргыз Республикасында активдери бар тоо-геологиялык компаниясы ЖМКга чыккан карама-каршы маалыматтан улам  баарын ачыктагысы келет жана  Centerra Кумтөр кенин сатып алууну сунуштаганын тастыктайт.   

Сатып алуунун мааниси боюнча Chaarat, Centerra  жана  «Кыргызалтын» ачык акционердик коому үч тараптуу келишим түзүшү керек.

"Чаарат"  жана  "Кыргызалтын" Centerraдан Кумтөр кенине ээ болгон  "Кумтор Голд Компани" компаниясын сатып алат, бул “Чаарат” компаниясына “Кмтөрдүн” кадимки акцияларына ээ болуу мүмкүндүгүн түзөт. Ошондой эле ыкчам башкаруу милдетин жана укугун берет. Ал эми "Кыргызалтын" өз кезегинде "Кумтөрдүн" артыкчылыктуу акцияларына ээ болот жана аны иштетүүдөн түшкөн кирешенин 50 пайызын алуу менен экономикалык пайда көрүү укугун алат. Анын жыйынтыгында  "Чаарат"  жана "Кыргызалтын" кендин биргелешкен ээси болуп калышат, өлкөдө болочоктогу  5-7 жылда толук бойдон кала турган дивиденттер тең бөлүнөт.    

Бул келишимден улам Кумтөр кенин көзөмөлдөө жана андан киреше алуу боюнча тарыхый жактан түзүлүп калган тең салмаксыздык оңдолот жана Кыргызстандын баардык жарандарынын жашоо турмушуна оң таасир берет. Өкмөттүн түз жана кыйыр кирешелеринин үлүшү көбөйөт, жаңы жумушчу орундар түзүлөт.

Сунушталып жаткан келишим өлкөгө кирешени пландап көбүрөөк аныктап алууга жана башкарууга мүмкүндүк берет, Кумтөр кенин, дегеле тоо кен тармагын андан ары өнүктүрүүгө негиз болмокчу.  

"Чаарат" Кыргызстандын узак мөөнөттүү шериги катары  өлкөгө 150 млн долларды инвестициялаган жана өлкөнүн тоо кен тармагын мындан ары өнүктүрүү зарылдыгын түшүнүп турат. Буга байланыштуу компания Кумтөрдөн алынган өзүнүн двиденддеринин үлүшүн тактап айтканда 600 млн долларга чейинки каражатты Чаарат кенине (1-кезекте  Тулькубаш карьерине, 2-кезекте Кызылташ)  акыркы 5-7 жылда салууга тийиш. 

Ушундай жол менен Кумтөрдүн ишмердүүлүгүнөн түшкөн 100 пайыз каражат Кыргызстанда калат жана бул түзүлгөн кырдаалдагы "Чаараттын" сунушунун негизги айырмачылыгы болуп саналат.

 "Чаарат" директорлор кеңешинин төрагасы Мартин Андерссондун айтымында, эгерде "Чаарат" Кумтөрдү сатып алса өлкөнүн экономикасы үчүн стратегиялык объектинин тең укуктуу ээси болот жана кенди иштетүүдөн түшкөн баардык двиденддердин жарымын алат.  

"Чаарат" Чаткалдагы жергиликтүү коомчулук менен калктын жашоо шартын жакшыртуучу жергиликтүү инфраструктураны  оңдоо маселелери боюнча активдүү иштешип жатат. Мүмкүн болчу келишим "Чааратка” өз ишмердигинин масштабын кеңейтүүгө мүмкүндүк бермекчи, ал инфраструктураны жакшыртуучу долбоорлорго, саламаттыкты сактоо системасына инвестиция салууга, жергиликтүү  долбоорлорду колдоого кошумча каражатты багыттамакчы.  

"Чаарат" компаниясынын директорлор кеңешинин төрагасы Мартин Андерссондун айтымында, эгерде "Чаарат" Кумтөрдү сатып алса өлкөнүн экономикасы үчүн стратегиялык объектинин тең укуктуу ээси болот жана кенди иштетүүдөн түшкөн баардык двиденддердин жарымын алат.   

"Кумтөр кени өлкөнүн тоо кен тармагында лидер болуп саналат, ал көп жыл бою саясий талаш жана пикир келишпөөчүлүктөрдүн предмети болуп келген. Буга байланыштуу биз мындай кайчы пикирлерди чечүүгө кыргыз элине жардам бере турган чечимди сунуштоого даярбыз    

Чаарат Кыргызстанда 15 жылдан бери иштеп келе жатат  бул жылдар аралыгында  биз "Чаарат" кенин нөлдөн баштап ачып жана эксплуатацияга  берүүгө туура келди. Өлкө экономикасынын стратегиялык объектилери маанилүү болуп саналган  Чаарат да, Кумтөр да туруктуу, жоопкерчиликтүү жана узак мөөнөттүү шериктин кесипкөй жетекчилигинин астында иштеп турмакчы.      

“Биздин туруктуу инвестициялар саясаты Чаараттын жергиликтүү коомчулуктар менен өз ара кызматташуусун күчөтүүсү болочоктогу тыгыз кызматташтыктын кепилдиги болмокчу”

 "Чаарат" кени менен мүмкүн болуучу келишим түзүлүп кала турган  кен болсо дүйнөлүк класстагы объектилердин катарына кире турган эффективдүү кен иштетүүнүн зарыл болгон мүмкүнчүлүктөрүнө максималдуу түрдө ээ болот.

“Кумтөр кенине ээ болуу менен  "Чаарат" Кыргызстандын тоо кен өнөр жайын өнүктүрүүгө  өзүнүн салымын кошууга умтулууда”,-деп айтылат маалыматта.   

Эскерте кетсек, Кумтөр алтын кенинин 100 пайызы Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясына таандык, Кыргызстан "Кыргызалтындын" атынан Centerraнын акцияларына ээ.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13735



Добавить комментарий