Хирург адашып пациенттин башына эмес бутуна операция жасап салды

24 апреля 2018 16:40 4188 Barometr
Поделиться в:
ok
Белгилүү болгондой, дарыгер ар кайсы бейтаптарды аралаштырып, анын кесепетинен алдында буту сынган адам жатат деп ойлогон.  Делидеги оорукананын башкы дарыгери биринин артынан бирин кабыл алып жатып башынан жаракат алган пациенттин бутун операция кылып алган. Бул тууралуу “Indian Express” маалымат булагы билдирет. 
Дарыгер штифт киргизүү үчүн бейтаптын бутун кесип таштаган. Ал эми ал учурда бейтап дарыгердин туура эмес операция жасап жатканын айта алмак эмес, себеби ал наркоздо жаткан.
Көп өтпөй түшүнүксүз жагдай ачылып, бейтаптын бутунан штифти алышкан. пациентке баардык керектүү жардам көрсөтүлгөн. Катачылык кетирген дарыгерге тажрыйбалуу кесиптештеринин катышуусунда гана операция жасоого мүмкүнчүлүк берилди.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content13724



Добавить комментарий