Жеке ишкер өз эсебинен эмгек сиңирген артистке батир белек кылды

24 апреля 2018 14:14 963 Barometr
Поделиться в:
ok

“Республика - Ата Журт" фракциясына депутаттыкка экс-талапкер Болот Дыйканбаев Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаевага жеке концертинде эки бөлмөлүү батир белек кылды.

“Жеке концертим өтүп жаткан учурда алып баруучу Ильяз Агыбай уулу бирөөгө сөз бергени жатканын айтты. Анда Өзгөндөн чыккан жеке ишкер Болот Дыйканбаев сахнага чыгып менин чыгармачылыгымды бааларын айтты. Ошндой эле эки бөлмөлүү батир белек кылды. Бул боюнча концерт учурунда күтүүсүз чечим чыгарган экен. Мен үчүн да күтүүсүз белек болду”,-деген ырчы.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13715



Добавить комментарий