Прокурорлукка Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлиги жактырылды
Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан Башкы прокурорлукка сунушталган Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети жактырды.
Өткүрбек Жамшитов 1975-жылы 4-сентябрда Ош областынын Кара-Суу районунда Төлөйкөн айылында туулган. 1996-жылы Кыргыз улуттук университетинен юриспруденция адистиги боюнча билим алган.
Эске сала кетсек, 11-апрелде Жогорку Кеңештин депутаттары КРнын Башкы прокурору Индира Жолдубаеваны милдеттерди жетиштүү деңгээлде аткарган жок деген жүйө менен кызматынан бошоткон. 13-апрелде кызматынан чегинүү тууралуу документке президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.
Ссылка: https://barometr.kg/content13712
Добавить комментарий ×