Актер Морган Фриман небереси менен жыныстык катнашта болгонбу?

24 апреля 2018 11:36 1889 Barometr
Поделиться в:
ok
Америкалык актер Морган Фриман үч жыл мурун өлтүрүлгөн өгөй небереси Иден Хайнс менен жыныстык катнашта болгон деп айыпталууда. Бул тууралуу “New York Post” кабарлады.
Басылманын маалыматына ылайык, Хайнс Фриман менен мамилеси тууралуу өзүнүн жигитине айткан. Азыркы убакытта жаш жигитти кызды өлтүрдү деп айыптап, соттоп жатышат.
33 жаштагы Иден Хайнс Морган Фримандын багып алган баласынын кызы. Бирок өспүрүм кыз і 2015-жылы мыкаачылык менен өлтүрүп кетишкен. Тергөөнүн маалыматтары боюнча,  баңгизатка мас болгон Ламар Дэвенпорт  33 жаштагы Иден Хайнска бир нече жолу бычак менен жаракаттап өлтүргөн. Анын кесепетинен кыз көз жумган.
Атактуу актер Морган Фриман менен анын өгөй небересинин ортосундагы жакын мамиле болгон тууралуу имиштер 2009-жылы маалыматтарда пайда болгон эле. Бирок экөө тең бул маалыматты жокко чыгарышкан.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content13701



Добавить комментарий