Үй шартында пломбир даамданган балмуздак жасап алыңыз!

30 августа 2022 08:40 3340 Barometr
Поделиться в:
ok

Пломбир даамданган балмуздакты үй шартында жасап алса болот. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет. 

 Ингредиенттер: - 2 стакан шекер  - 1 литр сүт  - 100 г каймак май   - 1 чай кашык крахмал   - 5 даана жумуртканын сарысы  

Даярдоо ыкмасы: 

1. Каймак майды жылытылган сүткө салабыз жана аны бышырабыз.  

2. Башка идишке шекер, крахмал жана жумуртканын сарысын салабыз бир түрдүү масса болгончо аралаштырабыз.    

3. Андан соң бир аз сүт куюп суюк каймактай болгончо чалабыз.  

4. Бул арада сүт ысып турат ага даяр болгон массаны акырындап куюп аралыштырабыз.  

5. Кайнагандан кийин мискейди оттон алып аны муздак сууга коебуз жана масса муздаганча аралаштырып турабыз.     

6. Андан соң толук муздатып  улам-улам аралаштырып формаларга коюп муздаткычка салып коебуз.   

Үй шартында жасалган балмуздак даяр.  

Ссылка: https://barometr.kg/content13670



Добавить комментарий