Калкан безиңиз ооруп жатканын үй шартында кантип текшерсе болот?

14 марта 2022 16:45 2298 Barometr
Поделиться в:
ok

Калкан безинин туура, нормалдуу иштеп жатышынан организмдеги көп процесстер көз каранды. 50 жыл мурда эле окумуштуу Брод Отто Барнс дененин температурасы калкан бездин иштөөсүнүн эң сонун көрсөткүчү экенин аныктаган.   

Барнс эртең мененки дене табынын туура эмес болушу калкан безинин сезгенишинен кабар берет деп эсептеген.   

Бул үчүн уйкуга эрте жатып кам көрүңүз. Градусниктеги сымап 35 градустан жогору көрсөткүчто турбаш керек. Ойгоноор замат грудсникти колукка кыстарыңыз. Аны 10 мүнөттөй кармаңыз. Жыйынтыгын жазыңыз. Анын нормадагы диапазону 36,5 С°градустан 36,8 С° градуска чейин болушу керек. 

Эгерде сиздин температура 36,5 С°тан 36,8 С° градуска чейин болсо анда калкан безинин иштөөсү нормада. Эгерде сиздин тепуратура эртең менен 36,5 С° градустан төмөн болсо, анда сизде гипотиреоз бар. 

Бул калкан бези активдүү эмес иштеп жатканынын түшүндүрөт.  

Ушундан улам сиз өнөкөт чарчоо, депрессия, суук тийип ооруганга тез-тез кабылып жатасыз жана көңүлүңүздү бир жерге топтой албай калуудасыз. Мындай учурда чачтын көп түшүүсү байкалат.  

Эгерде эртең мененки температура 36,8 С° болсо анда сиз гипертиреоз мнен жабыркап жатасыз.Калкан бези нормадан ашыкча иштеп жатат. Организмде катуу сезгенген процесс бар. Толук бүтүм чыгаруу үчүн үч күн ар башка күндөрдө температураны аныктап алуу кажет.  

Нормага дал келбеген учурда эндокринологго кайрылуу зарыл.  Бир бир аз эле өзгөрүү болсо дарыгерге баруудан мурда тамак-аш рационун жакшыртууну аракет кылыңыз. Бул үчүн селен, А витамини, магний жана В витаминин колдонуңуз.    

Ссылка: https://barometr.kg/content13664



Добавить комментарий