Боом капчыгайында транспорт кыймылына чектөө киргизилет

23 апреля 2018 12:15 747 Barometr
Поделиться в:
ok

24-26-апрелде Бишкек-Торугарт унаа жолунун 103-чакырымынан 107-чакырымына чейинки аралыкта (эски жол) бургулоо жардыруу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан кабарлашты. Унааларды өткөрүү саат 8ден түнкү 10го чейинки аралыкта токтотулат.

Мындан тышкары бүгүнтөн тартып Боом капчыгайында ташты мажбурлап түшүрүү иштери башталат. Жол кыймылы 4-майга чейин мезгил-мезгили менен саат 9дан 3 кө чейин жабылып турат.

Ссылка: https://barometr.kg/content13659



Добавить комментарий