Көп кабаттуу үй урап калды

23 апреля 2018 11:40 1460 Barometr
Поделиться в:
ok

Петропавл шаарында бир нече жыл мурун авариялык абалда деп аныкталган эки кабаттуу турак жай урап калды. Окуя 21-апрелде Береке кичирайонунда болду.

Күбөлөр менен жергиликтүү бийлик курман болгондор жана жаракат алгандар жок экенин билдиришүүдө.

1950-жылы Орол көчөсүндө курулган № 4 үй бир нече жыл мурун авариялык деп табылган. Анда 13 адамдан турган үч үй-бүлө жашаган. Өзгөчө абалдан кийин имарат курчоого алынып, жашоочулар көчүрүлдү.

Петропавл шаарынын акими Марат Тасмаганбетов тургундарга убактылуу башпаанек берүүнү убада кылды. “Учурда авариялык үйлөр үчүн өзүнчө турак жай фонду жок. Андыктан биз азыр убактылуу үй беребиз, андан кийин бул маселени чечебиз”,-деди ал.

Петропавлда авариялык абалдагы 19 көп кабатуу үй бар. “Азаттыктын” казак кызматы буга чейин Түндүк-Казакстан облусундагы кулаганы калган бир нече жатакананын абалы менен тааныштырган.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13655



Добавить комментарий