40 жыл бою сугарылбаган, бирок куурап калбаган бөлмө өсүмдүгү

22 апреля 2018 20:24 1087 Barometr
Поделиться в:
ok

Англиянын тургуну Дэвид Латимер бош болгон учурунда кызыкдар болуп чоң бөтөлкөгө традесканция өсүмдүгүн отургузган. Ал ошондо алгачкы ирет жана акыры ирет аны сугарып бөтөлкөнүн оозун жаап салган.

 Азыр 80 жашка толгон курагында пенсионер өзгөчө бир сыймыктануу менен өзүнүн эко-бакчасын мактанып көрсөтүп жатат. 40 жыл бою өсүмдүк өсүп-өнүп идиштин ичинде таң калыштуу эко система түзгөн.

Жарыктын бар болушу фотосинтез процессин жүргүзгөн, бул учурда кычкылтек бөлүнүп чыгат. Топуракта жашаган бактериялар аны пайдалынып көмүр кычкыл газын бөлүп чыгышат, аны өсүмдүк кайрадан колдонот.

Суу цикли да тынымсыз жүрүп турат: буу жалбырактарга жана бөтөлкөнүн айнегине чогулат, андан кийин ным топтолгондо топуракка түшөт. Эски жалбырактар түшүп чирип топуракты семиртет. Ошондой биологиялык тизмекче кырк жыл бою жүрүп турган.

Дэвиддин башына келген ушундай болбогон идея менен эко-бакча жасалды жана бул технология болочокто адамзатка керек болуп калышы ыктымал.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13640



Добавить комментарий