Кандын буга чейин белгисиз болгон группасы табылды

22 апреля 2018 19:43 3520 Barometr
Поделиться в:
ok

Террариумда жумушчу болуп иштеген Синх Абудан буга чейин адамзатка белгисиз болгон кандын тобу табылды. Бул тууралуу uroki57.ru булагы кабарлады.

Бир ирет аны уулуу кобра тиштеп алган, бирок Абу муну чымын чаккандай кылып да кабыл алган эмес. Кайрадан кооптуу тажырыйбаны жасап көрүп ага жыландын уусу таасир бербей турганын байкаган. 

Ушунан кийин айнекте жаткан жыландарды өзүнө чактырып элди таң калтыруу менен акча таба баштаган. Аны эң эле кооптуу репитилиялар чагып алганына карабай эч нерсе болгон эмес.

 Дарыгерлер буга кызыгып текшерүү жүргүзүштү. Синхтин канынан анализ алгандан кийин алар кобранын уусу анын денесинде  азыктандыруучу компонентке айланып кала турганын аныкташы. Канды андан ары изилдеген дарыгерлер таң калыштуу окуяга туш болушту. Анткени Синхтин каны буга чейин белгилүү болгон бир дагы кан группасына таандык эмес болуп чыкты жана анын курамы жана түзүлүшү Жер жүзүндөгү бир дагы аналогго окшош эмес деп табылды.

Ссылка: https://barometr.kg/content13638



Добавить комментарий