Россиянын өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абулгазиевди куттуктады

21 апреля 2018 16:20 418 Barometr
Поделиться в:
ok

Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев Мухаммедкалый Абулгазиевди Кыргыз Республикасынын премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын кабарлашты.

 «Урматтуу Мухаммедкалый Дүйшекеевич,

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн жана жеке өзүмдүн атымдан Сизди Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышыңыз менен куттуктайм.

Россияны жана Кыргызстанды достук, өнөктөштүк жана союздук мамилелер байланыштырып турат. Мындан аркы соода-экономикалык өз-ара аракеттер, өнөр жай жана энергетикадагы ири долбоорлорду ишке ашыруу, Евразия экономикалык бирлик алкагындагы интеграцияны тереңдетүү – биздин өлкөлөрдүн узак мөөнөттүү кызыкчылыктарына толук түрдө жооп берет деп ишенем.

Мухаммедкалый Дүйшекеевич, Сизге чын ден соолук, бакубатчылык жана жоопкерчиликтүү ишмердүүлүгүңүздө ийгиликтерди каалайм», – деп белгиленет катта.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13631



Добавить комментарий