Интернетке жеке маалыматтарды таратам деп коркутуп акча алган
Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери опузалап пара алган жигитти кармады. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
19-апрелде Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине Бишкек шаарында жашаган аял арыз менен кайрылган. Ал 50 миң сомду опузалап сурап жаткан бейтааныш эркекке чара көрүп берүүнү өтүнгөн.
Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө 1992-жылы Нарын областында туулган, Бишкектин жашоочусу Ж.Н. кармалды. Аны 25 миң сомду алып барып берип жатканда кармашты.
Жигит арыз берген аялдын жеке маалыматтарын Интернетке жарыялайм деп коркутуп акча алып жүргөн.
Учурда камакка алынды, тергөө жүрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content13628
Добавить комментарий ×