Баланстан акча жоготуу. Операторлорго бирдиктүү сервер керекпи?

21 апреля 2018 14:44 1295 Barometr
Поделиться в:
ok

Эл аралык жаштар ассамблеясы Бишкек шаарынын тургундарына сурамжылоо жүргүздү. Анда телефондун балансынан акчанын жоголушу жана мобилдик интернеттин туруктуулугу тууралуу тема козголду. 

Эл аралык жаштар ассамблеясынын вице президенти Катаганов Анарбектин позициясы боюнча бул маселелердин артында уюлдук операторлордун баардык абоненттеринин маалыматын синхрондоштуручу бирдиктүү серверди орнотуу актуалдуулугу турат.

Бирдиктүү сервер уюлдук компаниялардын коргоо мүмкүнчүлүгүн гана эмес баланс боюнча көз карандысыз эсептөөнү дагы жүргүзөт. Интернет трафикти секундалык көзөмөл кылууга, зыян алып келүүчү сайттарга ( ИГИЛ, ачык сценаларды бар жана башка сайттар) бөгөт коюуга, жашы жете электердин маанилүү сөздөр менен коомдук жактан кооптуу болгон оюндарга кирүүсүнө тыюу салууга мүмкүн.

Ошондой эле радикалдык-экстермисттик чакырыктарга блокторду коюга болот.    

Анарбек Катагановдун айтымында, жакын аралыкта уюлдук операторлордун директорлору менен бул боюнча маектешүү каралууда.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13626



Добавить комментарий