Бишкектин тургунунан 75 миң сом алып кеткен жаш кыздар кармалды

21 апреля 2018 13:59 842 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 20-апрелде Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарынын тургуну белгисиз кыздар андан 75 миң сомду опузалап алып жатканы тууралуу арыз менен кайрылган. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.     

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында атайын маркировкаланган акчаны берип жаткан учурда шектүү кыздар, 1999-жылы туулган Ц. Е.  жана Д. Э., кармалды.

Алар Бишкектин тургунунун жеке маалыматын билип калышып “социалдык түйүндөргө жарыялайбыз” деп коркутуп акча талап кылышкан.

Кармалгандар камакка алынды, тергөө башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/content13622



Добавить комментарий