21-апрель: абанын температурасы +26 градуска жогорулайт

21 апреля 2018 08:59 1084 Barometr
Поделиться в:
ok

21-апрелде түнкүсүн Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде -2 градус үшүк жүрөт. Нарындын Жумгал жана Кочкор райондорунда -3 градус үшүк болот.  

Кыргызстандын түштүк аймагындагы тоолуу жерлерде дарыялардан суу ташып, сел жүрүшү ыктымал. Тоолуу жолдордо кар көчкү коркунучу бар.

21-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын жана Ош облусунун тоолуу райондорунда жамгыр жаап, карга айланат. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын болот. Бийик тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2...7, күндүз 20...25, Талас жергесинде түнкүсүн 0...-2, күндүз 8...13, Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3...8, күндүз 21...26,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0...-2, күндүз 10...15, Нарын облусунда түнкүсүн 0...-2, күндүз 12....17, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10...-15, күндүз 0...5 градус болот. Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түндө 5…7°, күндүз 22…24°.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13609



Добавить комментарий