Мэр: Жаралып жаткан ийгиликтер жалпы шаардыктарга таандык

20 апреля 2018 15:19 503 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 19-апрель күнү Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев №4 “Ак-Тилек” жана №5 “Керме-Тоо” аймактык кеңешинин тургундары менен жолукту. Жылына эки ирет болгон жолугушуу мекеме-ишканалардын ишин жеңилдетип, орчундуу маселелерди ирети менен чечүүгө өбөлгө түзөт.

Алгач шаар башчысы Ош шаарында аткарылган жумуштар туурасында кенен токтолуп, акыркы төрт жыл ааралыгында жүргөн курулуш революциясы, экономикалык көрсөткүчтөр, элдин муктаждыгын аткаруу жаатындагы алгылыктуу иш аракеттер туурасында отчет берип, слайд көрсөтүлдү.

Андан соң, шаар мэри Айтмамат Кадырбаев аталган аймактык кеңешинин тургундарынан келип түшкөн ар бир катка жооп берип, тийиштүү жетекчилерге тапшырмаларды берди. Жол, жылуулук системага кошулуу, таза суу түтүкчөлөрүн алмаштыруу жана электр мамычаларын орнотуу сыяктуу суроолор келип түштү. Тунку жарыктандыруу боюнча жооп берип жатып калаа башчысы төрт жыл аралыгында шаардагы 12 аймактык кеңештин жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын карамагына кирген айылдардын көчөлөрү түнкү жарык менен толук камсыз боло тургандыгын билдирип, учурда акыркы 3 жыл аралыгында 170 км.ден ашуун көчөлөр жарыктандырылып, 640 көп кабаттуу үйлөрдүн короолору светодиоттук лапмалар менен камсыз болгондугун кошумчалады. Ошондой эле тыгын маселелси жоюу багытында айлампа жол куруу менен, жаңы автобустарды алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын билдирди.

Мындан тышкары көп кабаттуу үйлөрдүн чатырларын, жылуулук системаларын, суу түтүкчөлөрүн оңдоп-түзөөдө кош каржылоо принциби менен ишке ашырууга боло тургандыгын айтып, тийиштүү жетекчилерге каттын ээлери менен иш алып баруу тапшырылды.

Жалпы келип түкөн каттар протоколдоштурулуп, шаар мэри Айтмамат Кадырбаев социалдык жактан муктаж болуп жаткан айрым жашоочуларды жеке кабыл алуусуна чакырды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13600



Добавить комментарий