Бишкекте микроавтобустун айдоочусу дубалды сүзүп жан берди

20 апреля 2018 13:03 1109 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте жүк микроавтобусунун айдоочусу дубалды сүзүп алган жана кырсык болгон жерде көз жумду. Бул тууралуу ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Аталган маалыматка таянсак, жол транспорт кырсыгы бүгүн 11.00дө Горький жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Айдоочу ден соолугунун айынан рулду башкара албай калып, дубалды сүзүп алган. Салондо айдоочунун башка адам болгон эмес.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13589



Добавить комментарий