Алдамчы эркек аялдын эки квартирасын сатып, бөйрөгүн аларда кармалды

20 апреля 2018 12:10 1654 Barometr
Поделиться в:
ok

 Россиянын Пермь областынын Орджоникидзе районунун соту алдамчылык иш боюнча козголгон кылмыш ишин карай баштады. 

Райондук улук прокурору Владимир Волковдун айтымында, жабырлануучу аял  соттолуп жаткан эркекти жакшы көрүп калып, анын айткандарынын баарын эки кылбай жасай берген.

Аял өзүнүн квартирасын жана ата-энесинин квартирасын сатып, акчасын алдамчы эркекке карматкан. Аял ага кошуп өзүнүн бөйрөгүн сатмакчы болгон.

Жабырлануучу Ксениянын айтымында, анын сүйгөнүн полициялар кармап алганда, ал эркиндикке чыгыш үчүн аялынын интимдик сүрөттөрүн полицияларга сунуштаган.

 Ксения ошого да карабай бөйрөгүн башка бирөөгө донор катары бергиси келип жатканын көргөн ата-энеси чыдабай полицияга кайрылган.

Аферистке алдамчылык жана опузалап акча алуу боюнча кылмыш иши козголуп, иш эми сотто каралууда.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13582



Добавить комментарий