15 жаштагы өспүрүм жоголуп кетип издеп жатышат

20 апреля 2018 11:33 611 Barometr
Поделиться в:
ok

2002-жылы Садырбек уулу Адилди издеп жатышат. Ал Нижняя Ала-Арча айылындагы үйдөн чыгып кеткен бойдон келген эмес. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилери: бою 170-175 сантиметр, көздөрү күрөң, арыкчырай, бети сүйрү, чачтары кара кыска.

Кара куртка, кызыл свитер, кара джинсы кийип жүргөн. Кара рюкзак көтөрүп жүргөн.

ИИББ бала тууралуу маалымат берген 0(312) 36-35-27, 0701(45-15-23) же 102 телефондорунда чалууну өтүндү.

Ссылка: https://barometr.kg/content13579



Добавить комментарий