Бүбүйра Кыдыралиевага батирдин ачкычы тапшырылды

20 апреля 2018 07:34 1654 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Сапар Исаков кечээ, 19-апрелде, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылындагы 1937-1938-жылкы репрессия курмандыктарынын жашырылган жайы тууралуу алгач маалымдаган жаран Бүбүйра Кыдыралиевага батирдин ачкычын тапшырды.

Өкмөт башчынын м.а. учурдагы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинин ордунда репрессия курмандыктары массалык түрдө жашырылгандыгына бала кезинде күбө болгон Бүбүйра Кыдыралиеванын жасаган ишинин тарыхый маанисин белгиледи.

Сапар Исаков ага чың ден-соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо каалады.

Бишкек шаарынын «Туңгуч» кичи районунда жайгашкан жаңы батирге Бүбүйра Кыдыралиеваны Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов коштоп келди.

Ссылка: https://barometr.kg/content13568



Добавить комментарий