Рыскелди Момбеков Мураталиевдин кармалышы тууралуу: Бул чоң ката

19 апреля 2018 11:11 1453 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 18-апрелде парламенттин КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков  Barometr.kgге Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Бакыт Мураталиевдин кармалышы боюнча комментарий берди. Анын айтымында, Мураталиев өз ишин мыкты билет жана кандайдыр бир мыйзамсыз аракеттерге аралашуусу мүмкүн эмес.   

Момбековдун айтымында, Мураталиев  өзүнүн карьерасын катардагы кызматкер болгондон баштаган жана ММБФнын бир катар жетекчилери менен өзүнүн кесипкөйлүгүнүн натыйжасында так иштешкен. 

"ММБФда иштеген 18 жылда аны акылдуу, таза иштеген жана мыйзамды сыйлаган адам катары баары билишчү. Мен да аны сабаттуу, таза иштеген адис катары билем. Аны менен катарлаш иштегендердин эч кимиси ал мыйзамды бузушу ыктымал дегенге бир мүнөт да ишенбейт. Таза кадрларды сындырууга болбойт. Мураталиевдин кармалышы чоң ката, туура эмес кармашты. Мамлекетти көтөрүүгө өз өмүрүн арнагандарды эмес, мамлекетти уурдап жаткандарды кармагыла”,-деп нааразы болду депутат.      

Эскерте кетсек, буга чейин парламенттин депутаты Мирлан Бакиров Barometr.kgге Бакыт Мураталиевдин кармалышы боюнча суроого жооп берип жатып ал мыйзамды бузду дегенге ишенбей турганын айткан.   

Депутат ММБФнын башчысынын орун басары катары Мураталиев "Идеал Хаусту" тигил же бул баа менен сатуу чечимин өз алдынча кабыл ала алмак эмес деп эсептейт. “Мындай маселелер орун басардын деңгээлинде чечилбейт. Бул жаңылыштык, тиешелүү органдар баарын териштирип аны кое беришет деген ойдомун. Бизде ансыз да кесипкөйлөр аз”,-дейт депутат.     

Буга чейин ИИМдин тергөө кызматы тарабынан  304- “кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, 307-“ “кызматтык абалын менчиктештирүүнү жоборлорун ишке ашырууда мыйзамсыз пайдалануу” беренелерине айыпталып ММБФнын мурдагы төрагасы Болсунбек Казаков кармалган.    

Ошондой эле ИИМде козголгон кылмыш ишинин алкагында ММБФнын төрагасынын мурдагы орун басары Б. Мураталиев кармалган.   

12-апрелде Мураталиев убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө уланууда.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13540



Добавить комментарий