Депутаттар өкмөткө ишеним көрсөтпөө демилгесин көтөрүшүүдө
Поделиться в:
Бүгүнкү парламент жыйынында депутаттар Жыргалбек Турускулов жана Алмамбет Шыкмаматов Сапар Исаковдун өкмөтүнө ишеним көрсөтпөө тууралуу маселени сунуштап чыгышты.
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Джумабеков ага депутаттардан кат келгенин айтты. Катка 40 депутат кол койгон. Бирок профилдик комитеттин бүтүмү жок.
Депутаттар конституциялык түзүлүш жана регламент боюнча комитеттин жыйынына 15 мүнөт тыныгуу алууну өтүнүштү.
Ссылка: https://barometr.kg/content13536
Добавить комментарий ×