«Окуган бала – гүлдөгөн Кыргызстан» жумалыгы башталды

19 апреля 2018 08:02 1222 Barometr
Поделиться в:
ok

КР маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен КР билим берүү жана илим министрлиги, ЮНИСЕФ, АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана Кыргыз Республикасындагы АКШнын элчилиги менен биргеликте 2018-жылдын 21-27 апрелинде, улуу жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүн белгилөө жумалыгын өткөрүүдө.

Иш-чаранын максаты – билимге, руханий байлыкка жана маданиятка жол ачкан китеп окууга балдардын жана чоңдордун кызыгуусун арттырып, бул багытта ата-энелердин маанилүү ордун көрсөтүү жана патриотизм, адам өмүрүнүн баалуулугу, табият менен адам баласынын бирдиктүүлүгү идеяларын илгерилетүү максатында залкар жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармаларына назар буруу. Китеп жумалыгынын алкагында 21-апрелден 27-апрелге чейин  министрликтердин жана USAIDдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун колдоосу менен Кыргызстандын бардык китепканаларында жана мектептеринде төмөнкүдөй бир катар иш-чаралар өткөрүлөт:

19-апрель, 10:00 – Китеп жумалыгына арналган пресс-конференция (АКИpress пресс-борбору, Москва көч., 189)                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                              

21-апрель, 11:00 – (“Ала-Тоо” аянтынын жанындагы) Курманжан Датка атындагы тарыхый-мемориалдык комплексинин аянтында Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүн расмий ачуу аземи. Ачуу аземинен кийин ар бир китеп сүйөрманын кайдыгер калтырбаган билим берүү, маданий жана көңүл ачуу аянтчалары иштеп баштайт. Пландаштырылган иш-чаралар:

Улуттук «Китеп искусствосу» конкурсунун жети номинациясы боюнча сыйлыктарды тапшыруу;

Кыргыз Республикасынын жана башка өлкөлөрдүн белгилүү жазуучуларынын китептеринин көргөзмөсү жана китептерди сатуу;

«Айтматовду окуйбуз» аянтчасы: Ч. Айтматовдун чыгармаларын окуу боюнча конкурстар жана викториналар;

Фольклордук жана эстрадалык музыка концерти, балдар бий топторунун катышуусу менен;

балдар үчүн цирк оюндары;

куурчак спектакли;

«Келгиле, окуйбуз!» аянтчасы: беш негизги окуу көндүмдөрүн өркүндөтүү боюнча балдар жана ата-энелер үчүн оюндар жана көнүгүүлөр, логопеддердин акысыз кеңештери;

«Кызыктуу устакана»: кагаз жана асфальт бетине тартылган балдар сүрөттөрүнүн конкурстары, оригами жана квиллинг боюнча балдар үчүн мастер-класстар;

«Чыгармачылык лабораториясы»: конструктор чогултуу боюнча мелдештер, робототехника боюнча мастер-класс;

«Шаңдуу старт»: спорттук мелдештер, чоңдор жана балдар үчүн стол үстүндө ойноло турган оюндар;

«Усталар шаары»: реабилитациялык борборлордун, мектеп-интернаттардын жана балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары жасаган кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсү жана аларды сатуу;

«АКШда билим алуу»: ACСELS, АКШ элчилигинин кызматкерлеринин жана АКШ окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн кеңештери.

23-апрель – 27-апрель – республика боюнча бардык китепканаларда Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө арналган иш-чаралар өткөрүлөт.

Кызыккан уюмдардын, фонддордун жана ММКнын өкүлдөрүн Китеп жумалыгына жигердүү катышууга жана заманбап коомдо чоңдор менен балдардын китеп окууга кызыгуусун арттыруунун жана сабаттуулукту жогорулатуунун, билимге умтулуунун маанилүү экендигине коомчулуктун назарын бурууга көмөк көрсөтүүгө чакырабыз.

Кошумча маалымат үчүн төмөнкү телефондор боюнча кайрылыңыздар:   

Маданият министрлигинин басма сөз кызматы – Жийде Зоотбекова 0701-61-61-13

Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы – Айзура Чыкынова 0312-62-35-91

Уюштуруу комитети:

Бакеев Ринат – КР маданият, маалымат жана туризм министрлиги

62-59-44; 0551-81-83-08

Чинара Курбанова – КР билим берүү жана илим министрлиги

62-36-60; 0771-67-28-97

Койчуман Момункулов – КР улуттук китеп палатасы

66-57-25; 0552-10-58-79

Роза Султангазиева – К. Баялинов атындагы республикалык китепкана

66-22-68; 0772-15-63-05

Чинара Омуркулова – Окуу көндүмдөрүн өркүндөтүү боюнча USAIDдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоору 0770-77-70-37

Маалымат үчүн:

Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү 1995-жылы Парижде өткөн ЮНЕСКОнун 28-чи Генералдык ассмблеясында расмий түрдө жарыяланган. Анын максаты маданий каада-салттар жөнүндө маалымат берип, аларды сактап калуу болуп эсептелет, анткени китептин жардамы менен билимге гана ээ болбостон, идеялар, руханий жана морлдык баалуулуктар менен таанышып, көркөмдүк жана адам баласынын чыгармачылык жетишкендиктери тууралуу үйрөнөбүз.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13528



Добавить комментарий