19-апрель: көп аймактарда үшүк жүрөт

19 апреля 2018 07:55 654 Barometr
Поделиться в:
ok

19-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланат. Басымдуу аймактарда үшүк жүрүшү ыктымал. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн, республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 1...6, күндүз 12...17; Таласта түнкүсүн 0...-2, күндүз 10...15; Баткен, Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 1...6, күндүз 11...16;

Ысык-Көл менен Нарында түнкүсүн 0...-2, күндүз 8...13;

Бийик тоолуу райондордо болсо түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…+2 градуска чейин жогорулайт.

Бишкек шаарында 19-апрелде жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с түзөт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 1…3°, күндүзгү жогорку температурасы 12…14° градус болот.  

 

 

  

Ссылка: https://barometr.kg/content13527



Добавить комментарий