Блогер учак авария болуп баратканда түз трансляция кылды (видео)

18 апреля 2018 13:56 1684 Barometr
Поделиться в:
ok

Блогер Марти Мартинез асманда авариялык абалга кабылган учактан түз көрсөтүп турган видеону “Facebook” баракчасына жайгаштырган.

Андагы кадрларда терезенин түбүндөгү отургучта отурат. Анда авариялык кислороддук маска тагынган. Видео “Учакта абал башкача! Биз төмөндөп бара жатат окшойбуз! Авариялык конуу! “Southwest” авиакомпаниясынан Нью-Йорктон Далласка сапар» деген жазуулар менен коштолгон.

Кийин ал учактын кыймылдаткычы жарылганын, саркындысынан жүргүнчүлөрдүн бириси көз жумганын жазган.

“CBS News” телеканал Мартинез айткан жүргүнчү оор абалда ооруканага жеткирилгенин кийинечерээк кабарлады.

Учакта 143 жүргүнчү, экипаждын беш мүчөсү болгон.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13507



Добавить комментарий