Чүй областында аялы күйөөсүн бычактап салды

17 апреля 2018 11:33 659 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй областынын Беловодское айылында үй-бүлөлүк чатактан улам аялы күйөөсүн бычак менен сайып салды. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.      

Аталган маалыматка таянсак, 14-апрелде 19.30да Москва райондук ички иштер бөлүмүнө киши өлтүрүү боюнча маалымат түшкөн. Окуя болгон жерде 36 жаштагы жарандын сөөгү табылды.

Бул кылмышка шектүү делип каза тапкан кишинин аялы кармалды.

Чатак маалында аялы ашкана бычагы менен күйөөсүн бычактап салганы белгилүү болду. Эркек киши ошол жерден жан берген.   

Учурда тергөө башталды.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13459



Добавить комментарий