Дамирбек Асылбек уулунан депутаттык мандат алынды

17 апреля 2018 10:35 386 Barometr
Поделиться в:
ok

Казакстанда аткезчиликке байланыштуу айыпталып камалган "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу депутаттык мандатынан ажыратылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Назарали Арипов кабарлады.

Маалыматка ылайык, Асылбек уулунун казак жарандыгы бар экенин тастыктаган документтер БШКга түшкөн. Дал ушул документтердин негизинде шайлоо комиссиясы 16-апрелдеги жыйында Дамирбек Асылбек уулун мандаттан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алды.

Асылбек уулунун ордуна "Кыргызстан" партиясынын тизмесиндеги Руслан Чойбеков келди.

Быйыл 15-16-февралда Казакстанда аткезчилик боюнча шектүү катары 29 киши кармалган. Алардын арасында Кыргызстандын үч жараны, Жогорку Кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу да бар экени белгилүү болгон.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кийинчерээк Дамирбек Асылбек уулу казак жараны экенин маалымдаган. Депутаттын атасы уулу Кыргызстандын жараны болгонун, Каракол шаарында туулуп-өскөнүн "Азаттыкка" билдирген.

Айрым маалымат каражаттары кыргызстандык депутатты "Кытайдан Казакстанга жана Орусияга аткезчилик менен жүк ташыган кылмыш тобунун башчысы" деп жазып чыгышкан.  

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13451



Добавить комментарий