Күйөөсүн төрт жигит жана Калашников менен коркуткан келин кармалды

17 апреля 2018 00:12 1658 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй районунда келин төрт күзөтчү менен мурдагы күйөөсүнүн үйүнө жулунуп кирип үй-бүлө мүчөлөрүн сабап кеткен. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Милицияга 37 жаштагы жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 13-апрелде болжол менен кечки саат 9дар чамасында Калашников автоматы менен куралданган төрт жигит жана анын мурдагы аялы үйгө кирип келип кол салган. Алар арыздануучунун атасын, азыркы жашап жаткан аялын жана жигиттин өзүн токмоктоп кетишкен.

Милициялар бейбаштык беренеси боюнча 32 жаштагы Д.Э.; 26 жаштагы Т.А.; 27 жаштагы А.А.; 37жаштагы А.С. 19 жаштагы А.Ж.ны кармады.

Кармалган төрт жигит Бишкектеги күзөт агенттиктеринин биринин кызматкерлери болуп чыкты. Арыздануучунун мурдагы аялы аларды эмне максатта ээрчитип барып сабатканы териштирилүүдө.

Учурда тергөө башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/content13437



Добавить комментарий