КСДП: Ниязов саясий кеңештен чыгарылбайт

16 апреля 2018 23:53 500 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын катчылыгы депутат Рыскелди Момбековдун бүгүнкү билдирүүсүнө тактоо киргизди. Бул тууралуу “Азаттык” маалымдады.

Партиянын берген маалыматына ылайык, бүгүн экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДП фракциясынын мүчөлөрү менен жолугушууда Ниязов партиянын төрагасынын орун басарлыгынан кетээри жөнүндө гана айткан. "Ниязов саясий кеңештин курамында кала берет", деп билдирди партиянын катчылыгы.

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев менен КСДП фракциясынын мүчөлөрүнүн жолугушуусуна катышкан депутат Рыскелди Момбеков Фарид Ниязов партиялык ишмердигин токтотоорун билдирген эле.

Бүгүн КСДПнын төрагасы, экс-президент Алмазбек Атамбаев парламенттеги тиешелүү фракциянын депутаттары менен жолугушту. Анда коомдук саясий-абал, партиянын иши талкууланган. Жолугушууга КСДП фракциясынын 37 мүчөсүнүн 19у катышкан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13436



Добавить комментарий