КСДП 2020-жылкы парламенттик шайлоого даярдана баштады

16 апреля 2018 17:51 500 Barometr
Поделиться в:
ok

Экс-президент, КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаев парламенттеги Социал-демократиялык фракциянын депутаттары менен жолугушту.

Партиядан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Атамбаев КСДП депутаттарынын суроолоруна жооп берип, партиянын саясий кеңешинин курамына байланышкан учурдагы бир катар маселелер, ошондой эле 2020-жылкы парламенттик шайлоого партиянын даярдыгы талкууланды.

Талкуунун жыйынтыгы менен мындай жолугушууларды байма-бай өткөрүп туруу чечими кабыл алынды.

Депутат Рыскелди Момбеков жолугушууда Алмазбек Атамбаев партиянын төрагасынын орун басары Фарид Ниязовдун партиялык ишмердигин токтотуп, саясий кеңештен чыгарыларын жарыялаганын билдирди.

«Алмазбек Шаршенович Фарид Ниязовдун партиялык ишмердигин токтотуп, "ал “Апрель” деген кайрымдуулук фондду жетектейт" деп айтты. Анткени жолугушууда мен да эки президенттин ортосундагы араздашуу ошол кишинин айынан болгонун, ал киши аппарат башчы болуп турган учурда фракция менен байланышта кетирген кемчиликтерин айттым. Аны угуп экс-президент партиялык ишмердикти Ниязов токтотоорун билдирди»,-деди Момбеков.

Ссылка: https://barometr.kg/content13431



Добавить комментарий