УКМК кармаган адам өзүнүн кан тамырын тиши менен кыйып каза тапты

16 апреля 2018 10:00 1093 Barometr
Поделиться в:
ok

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери 13-апрелде Ош областында 1971-жылы туулган кылмыштуу баңги тобунун мүчөсү А. Сны кармашкан. 

Аны кармаган учурда эркек өзүнүн моюнундагы күрөө тамырын кесүүгө аракет кылган, бирок УКМКнын кызматкерлери анын аракетин токтотуп калышкан. Медициналдык көмөк көрсөтүшкөн.

Ведомстводон кабарлашкандай, ал ИИМдин каттоосунда  уюшкан кылмыштуу топтун мүчөчү катары турган жана оор баңгизаттарын ташуучу каналды уюштурган.

Аны текшерген учурда унаасынан 2 кг 70 грамм баңгизаты табылган.

Кармалган жаран УКМКнын абагына киргизилген. 14-апрелде ал сол колунун венасын тиши менен тиштеп үзүп алган, аны ооруканага алып барган кезде кан басымы төмөндөп, дарыгерлердин аракетине карабай каза тапкан. Учурда текшерүү иштери  башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/content13411



Добавить комментарий