Акимдин орун басары кол алдындагы кызматкердин мурдун сындырды

16 апреля 2018 08:37 1805 Barometr
Поделиться в:
ok

12-апрелде Өзбекстандын Кашкадарья облусундагы Гузар районунун акиминин орун басары Хабиб Азизов жер ресурстары жана нарккаттам бөлүмүнүн адиси Фахриддин Курбановдун мурдун сындырды.

Жабырлануучунун айтымында, бул окуяга бир канча киши күбө болгон.

«12-апрелде аким башчысынын орун басары менен биргеликте Батош айылына барганбыз. Анда ал жер тилкелердин бирин көрсөтүп, кимдики экенин жана ал боюнча кандай чечим бар экенин сурады. Мен азыр жанымда тиешелүү документтер жок, эртең жооп берейин десем бетке уруп жиберди», — деди Фахриддин Курбанов.

Анын айтымында, ал аткаминерге карата эч кандай жаман сөз айткан эмес.

«Сокку абдан катуу болгондуктан көзүм караңгылап, жыгылып калдым. Дароо мурдуман кан акты. Бул окуяга райондун прокурору дагы күбө болгону менен Азизовго карата эч кандай мыйзамдуу чара көргөн жок», — деди Курбанов.

Ал аткаминердин бул аракети боюнча прокуратурага кайрылганын айтты. «Дарыгерлер мурдум сынганын айтышты. Алардын корутундусун алдым, эми прокуратурага көрсөтөм», — деди Курбанов.

Азизовдун өзү журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып, телефонун коюп койду.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13403



Добавить комментарий