Соцтүйүндөрдө Жээнбековдун учканы талкууланууда

16 апреля 2018 08:33 742 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык түйүн колдонуучулары Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун 14-апрелде Ош шаарына катардагы авиакаттам менен учуп барганын талкуулап жатышат.

Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Сооронбай Жээнбеков үй-бүлөлүк иштерине байланыштуу Ошко барганын ырастады. Бирок ал президенттин эмне себептен атайын учак менен эмес, катардагы жүргүнчүлөр менен бирге учуп барганын так айткан жок.

Ал ортодо социалдык түйүн колдонуучулары бул окуяны кызуу талкуулашып, көпчүлүгү мамлекет башчынын мындай аракетин колдошту. Алардын арасында башкаларды Кыргызстандын президентинен үлгү алууга чакыргандар дагы болду. Анткен менен айрымдары эйфорияга алдырбастан, бул окуяны кадимки эле көрүнүштөй кабыл алууга үндөштү.

Кээ бир колдонуучулар Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турганда дагы иш сапарларга атайын учак менен эмес, катардагы авиакаттамдар менен учуп келгенин жазышты.

Ссылка: https://barometr.kg/content13402



Добавить комментарий