12 жаштагы кызды зордуктаган врач 21 жылга абакка кесилди
Поделиться в:
Орловка айылындагы ооруканада оорулуу кызга сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасалган дарыгер 21 жылга абакка кесилди. Аны кызды зордуктоого айыптуу деп табышты жана 21 жылга кесилди. Ошондой эле ал 500 миң сом айып пул төлөшү керек. Бул тууралуу жактоочулар кабарлашты.
Дарыгер “бузукулук иштер” жана “психотроптук жана баңгизаттарды даярдоо, сактоо” беренеси боюнча соттолду.
Эскерте кетсек, Кемин районунун Орловка шаарынын жалпы дарыгердик практика борборунун нөөмөттөгү дарыгери ооруканада тери оорусу менен жабыркап жаткан 12 жаштагы кызга зомбулук аракеттерди жасап кармалган.
Ссылка: https://barometr.kg/content13373
Добавить комментарий ×