Бишкекте “Көк кит” оюнун ойногон бала өзүнүн тамырын кести
Бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина жашы жете электердин арасында болуп жаткан суидцид тууралуу маселени көтөрүп чыкты. Ал баарына белгилүү “Көк кит” оюну тууралуу эскертти.
“Колдо бар эң акыркы маалыматты алдым. Кечээ балдардын бири “көк кит” оюнуна улам венасын кескен”,-деп билдирди ал.
Депутат статистика тууралуу токтолду. Анын берген маалыматына таянсак 2016-жылы 95 бала, 2017-жылы 97 бала, 2018-жылдын 4 айында 24 бала өз ыктыярлары менен жанын кыйышкан.
“Кеч болуп кете электе бир чара колдонушубуз керек”,-деп айтты ал.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын февраль айынан тартып Кыргызстандын социалдык тармактарында #морекитов, #тихий дом, #f58 и #d28, #хочувигру, #разбуди_меня_в_4.20. хэштектери менен аталган оюну жайылган. 15 өспүрүмдүн өлүмүн бул оюнга байланыштырышууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content13324
Добавить комментарий ×