Тогуз-Тородо алтын чайкоочу фабриканы өрттөп жиберишти

11 апреля 2018 14:05 1311 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 11-апрелде Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунда жергиликтүү тургундар алтын чайкоочу фабриканы  өрттөп жиберишти. Бул тууралуу  Barometr.kgге укук коргоо органдарынан кабарлашты.   

"Нааразы болгон жергиликтүү тургундар фабриканы талкалашты, алардын кимдир-бирөөлөрү өрт коюшту. Азыр ушул эле адамдар фабриканын кызматкерлеринин үйлөрүн өрттөөнү көздөп жатышат деген маалыматты текшерип жатабыз”,-деп кабарлашты укук коргоо органдарынан.     

Окуянын күбөлөрүнүн айтымында, талкалоо болгон учурда эки адам жаракат алып аларды тез жардам алып кетти.

 Эскерте кетсек, алтын чайкоочу фабриканын курулушу февраль айында эле токтогон. Ошого карабай Тогуз-Тородо элдин тобу жергиликтүү элди митингдерге чакырып жатат, ал 1-мартта алтын чайкоочу фабриканын аймагындагы башаламандыкка алып келди. Атчандар фабриканын аймагына шашылыш кирип жана баарын талкалашкан. Кийинчерээк Ички иштер министрлигинин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү тобу митингге катышуу үчүн айрым адамдар акча бергенин аныкташкан.   

Ага чейин 1-мартта бир нече адамдардын тобу «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын катарындагы эски фабриканын жанында митинг уюштурушкан.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13294



Добавить комментарий