Ошто жазгы массалык чуркоо болот

11 апреля 2018 13:37 527 Barometr
Поделиться в:
ok

Ошто 14-апрель күнү жазгы жалпы жеңил атлетика боюнча чуркоо болот.

Ага Ош шаарындагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлери,жогорку, орто окуу жайлардын студенттери, мектеп окуучулары, саламаттыкты сактоо жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери катышат.

Чуркоо эркектер жана аялдар арасында 14 түргө бөлүнүп, катышуучулар 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкка чуркашат.

Жеңүүчүлөр Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, ардак баракчалары жана баалуу белектери менен сыйланат.

Бул иш-чаранын максаты, спортту калк арасында пропагандалоо, аларды спорт менен машыгууга үндөө болуп эсептелет. Спорттук мелдеш 14-апрель күнү Ош шаарынын борбордук аянтында 8:30да башталат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13293



Добавить комментарий