Эмнеге парламент өкмөттү кетирүүгө шашып жатат?

10 апреля 2018 13:28 1109 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңеште жакын арада өкмөттүн отчету берилгенге чейин эле парламенттик көпчүлүктү таратуу күтүлүп жатат. Эске салсак, парламенттик көпчүлүккө  КСДП, "Кыргызстан", "Бир Бол" кирет. 

Мыйзамга ылайык, парламенттеги көпчүлүк коалиция тараса өкмөт автоматтык түрдө кызматтан кетет.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 1-майына чейин премьер-министр Сапар Исаков парламентке жасаган иши боюнча отчет бериши керек. Отчет канааттандырарлык эмес деп табылса өкмөт отсавкага кетиши ыктымал.

Бирок парламентте өкмөттүн отчетуна чейин эле коалицияны кулатуу күтүлүп жатат. Мындай болгон учурда өкмөт башчы отчетун бербейт жана коомчулук өкмөт кандай иш жасаганын билбей калат, негизинен кимдин күнөөсүнүн айынан кыш-күз мезгилине даярдык начар жүргүзүлгөнү айтылбай калат.

Шексиз түрдө, министрлер кабинетинин жана анын башчысынын алмашуусу кыргызстандыктар үчүн кадимки көрүнүш болуп калды. Бирок баарына белгилүү болгондой мындай көрүнүш экономикага жана жалпы эле өлкөнүн өнүгүшүнө жакшы таасир бербейт.

Ошондуктан чоң суроо туулат: эмнеге эле депутаттар  өкмөттүн жылдык иши тууралуу отчет берүүгө жеткирбей эле премьер-министрди кызматтан кетирүүгө шашып жатышат. Анан калса отчет берүүгө аз эле убакыт калды.

Жооп өзүнөн-өзү эле айтылууда: парламентчилер Сапар Исаковдун отчетун угууга ниети жок жана уккусу келген жок.

Эскерте кетсек, Сапар Исаков министрлер кабинетин август айынан тартып жетектей баштаган, ага чейин өкмөт башчы болуп Сооронбай Жээнбеков иштеген.

 Коалицияны кулатыш үчүн фракциялардын биринин альянстан чыгып кетиши жетиштүү.

Ссылка: https://barometr.kg/content13248



Добавить комментарий