«61 эрежеси»: Жээнбеков өзүнүн мөөнөтү бүткөнгө чейин бийликте болобу?

10 апреля 2018 11:44 1716 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын баардык президенттери бийликтен 61 жаш курагында ыктыярдуу же болбосо ыңкылап жолу менен бийликтен кеткен. Мындан улам «61 эрежеси» деген сөз айтылып жүрөт.  

61 жаш: дал келүүчүлүкпү же…?

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев 1944-жылы 10-ноябрда туулган. 2004-жылы ал 60 жылдык мааракесин белгилеп, 2005-жылы 61 жашында бийликтен кеткен.  

Экинчи президент Курманбек Бакиев 1949-жылы 1-августта туулган. 2009-жылы 60 жылдыгын дүңгүрөтө белгилеп, 2010-жылы бийликтен 61 жаш курагында кеткен.

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева 1950-жылы 23-августта туулган. 2010-жылы өзүнүн 60 жылдык мааракесин өткөргөн. 2011-жылы Роза Исаковна 61 жашында бийликти өткөрүп берген.

Кыргызстандын кийинки президенти Алмазбек Атамбаев 1956-жылы 17-сентябрда туулган. 2016-жылы ал 60 жылдыгын белгилеген. Президенттик мөөнөтүн 2017-жылы аяктап 61 жашында мөөнөтү бүткөндөн кийин өткөрдү.

“61 эрежеси” эми иштебейби?

 

Кыргызстандын азыркы иштеп жаткан президенти Сооронбай Жээнбеков 1958-жылы 16-ноябрда туулган. 59 жашында өлкө президенти болуп шайланган. Президенттик мөөнөтү аяктай турган кезде азыркы мамлекет башчысы 65 жашка толот.

Болжолдоолор кандай болот?

“Азыркы мамлекет башчысы өлкөнү көпкө башкарбайт” деген кептер аны шайлап жаткан учурда эле айтыла баштаган. Бир канча таанымал делген көзү ачыктар, бүбү-бакшылар анын кызматтан эрте эле кетерин айтып чыгышкан. Бирок кеп үчүнчү революция тууралуу болуп жаткан жок. Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматтан кетишин бүбү-бакшылар оору же болбосо импичмент менен байланыштырышкан.

Баса, Сооронбай Жээнбековдун бийликте көпкө калбасын Лондондогу белгилүү астролог Соломон Соловьев дагы айткан жайы бар.

Кыргызстандын президентин шайлоо алдында ата мекендик массалык маалымат каражаттарынын бири андан маек алган.

«Сооронбай Жээнбеков – Ит жылында, Чаян жылдызынын алдында туулган. Мындай адамдар күч-кубаттуу энергетик болушат. Ал көчмөн элдин күчтүү энергетикасын сезет жана өзү да ушундай энергетикага ээ. Бирок келе жаткан жыл Ит жылы жана Жээнбеков өзүнүн 12 жылдык циклин ишке ашырууну аяктайт. Циклдин соңунда президенттик шайлоого баруу бул чоң энергетикалык ката”,-деп айткан астролог өзүнү маегинде.     

«Боло турган президенттик шайлоонун эки фаворити (ред. Жээнбеков жана Бабанов) кимиси болбосун президент болуп шайланып калса бул орунда көпкө отурбайт”,-деп айтылат маекте.  

Баардык президенттер  кандай болсо да  мамлекет башчылар 61 жашында кызматынан кеткенин эске алганда  чын эле 61 эрежеси иштейби же иштебейби деген суроо аргасыз пайда болот. Эгер баары ошондой болсо Сооронбай Жээнбеков 2019-жылы же тактап айтканда өзүнүн 61 жашында бийликтен кетеби?  

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13239



Добавить комментарий