Өзбекстандын аскерлери Кыргызстандын жаранын кантип атты? (видео)

9 апреля 2018 20:31 1865 Barometr
Поделиться в:
ok

Тиешелүү органдар Өзбекстандын аскерлери Кыргызстандын жаранына ок аткан жерди карап жатат. 

Окуя болгон жерден тартылган видео социалдык тармактарга жарыяланды. 

Видеодо жаранды өлтүргөн жер, кыргызстандыктын кан болгон сөөгүн алып өтүп жана Майдан деген жердеги жашоочунун үйүнүн жанындагы арыкка таштап салышкан жердеги издер көрсөтүлгөн.

Ошондой эле соцтармакка Өзбекстандын аскерлери Кыргызстандын жаранын кантип атышканы тууралуу видео жарыялады.

Белгилей кетсек, Жалал-Абал областынын Аксы районунун Мамай жергесинде Өзбекстандын аскерлери Кыргызстандын 1984-жылы Аксы районунда туулган  Ф. М., аттуу жаранына ок чыгарышкан. Ал ок чыгарган учурда Кыргызстандын аймагында жүргөн жана Мамай айылына келе жаткан.

Алган жаракатынан улам Ф. М. Кербен шаарындагы ооруканада көз жумган.

Бул факты боюнча иликтөө башталып, окуя болгон жерде Чек ара кызматынын офицерлери иш алып барууда. Өкмөт башчы Сапар Исаков Өзбекстандын премьер-министрине телефон чалды.

Видео соцтармактарда жарыяланды жана колдонуучулардын пикиринде каза тапкан жигитин аты  Фархат болгон.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13219



Добавить комментарий