Аскарбек Шадиев кызматтан кетүүсү тууралуу арызын жөнөттү

6 апреля 2018 20:50 718 Barometr
Поделиться в:
ok
Аскарбек Шадиев Кыргыз Республикасынын премьер-министрине кызматтан кетүүсү тууралуу арызын жөнөттү. 
 
Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Аскарбек Шадиев өзүнүн мындай чечимин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине көлөкө түшүрбөө үчүн ээлеген кызматынан кетүүнү туура көргөнүн билдирди. Арыз берүүсүнүн себеби Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин бөлүмүнүн башчысы Арсен Закировдун мамлекеттик бюджеттеги каражатты өз эсебине өздөштүрүп алгандыгы боюнча кылмыш ишине байланыштуу. Анткени ошол учурда Аскарбек Шадиев аталган комитеттин ишин жетектеп турган.
«Мен мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн өз ишимди так аткарып келем. Мен үчүн намыс жана аброй биринчи орунда турат. Тергөөнүн ачык жана калыс жүрүшү үчүн ээлеген кызматымды бошотууну туура көрдүм. Кыргыз Республикасынын Президентине жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине мага ишеним көрсөткөндөгү үчүн терең ыраачылык билдирем»

Ссылка: https://barometr.kg/content13199



Добавить комментарий