Кыргызстандык айым дүйнөдөгү эң сулуу аял болуп таанылды

6 апреля 2018 11:11 7391 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстандык Сания Шакирова эл аралык Miss Universe Beauty конкурсунда жеңүүчү болду. 

28-марттан 4-апрелге чейин Вьетнамдын Нячанг Камрань  шаарында Miss Universe Beauty эл аралык конкурсу өткөн. Дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүнөн конкурсанттар менен фестивалдардын жеңүүчүлөрү чогулган. Кыргызстандын атынан 30 жаштагы Сания Шакирова катышкан.  

Ал Missis World номинациясы боюнча жеңүүчү болуп табылды.

Шакирова көп жыл Москвада жашаган жана үч баланын энеси болуп эсептелет.  

Эл аралык конкурстун алып баруучусу кыргызстандык белгилүү ишмер Ассоль Молдокматова болду.

 

  

Ссылка: https://barometr.kg/content13173



Добавить комментарий