Ит кожоюнун талап өлтүрдү

5 апреля 2018 17:22 1331 Barometr
Поделиться в:
ok

 4-апрелге караган түнү Батыш Казакстандын Уральск шаарында улгайган аялды өзүнүн ити талап өлтүргөн. Бирок анын сөөгүн туугандары эртең менен гана көрүшкөн. Бул тууралуу uralskweek.kz  кабарлады. 

 Уральск шаарынын Некрасов көчөсүндө жашаган ит 88 жаштагы чоң энени - өзүнүн кожоюунун талап өлтүргөн. Ал үйүндө жалгыз жашаган.

“Бул итти күчүк кезинен асырап алган эле. Дайыма байлоодо турчу. Асыл тукум деле эмес болчу. Бошонуп кетип ээсин талап өлтүргөн. Чон эне көп кан жоготкондуктан улам каза тапкан”,-деди коңшусу.

Ветеринардык кызматтын өкүлдөрү итке уктатуучу дары сайып алып кетишти.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13154



Добавить комментарий