Новопокровкада 50 жаштагы кишинин башын жарып өлтүрүшкөн
Поделиться в:
Новопокровкада 50 жаштагы кишини токмоктоп өлтүрүшкөн. Бул тууралуу укук коргоо кызматкерлери кабарлашты.
Ыкчам иликтөөчүлөрдүн айтымында, 4-апрелде болжол менен саат 11:00дө Новопокровкадагы көчөлөрдүн биринен 50 жаштар чамасындагы эркек кишинин сөөгү табылган. Анын денеси катуу сабалып, башы жанчылган. Сөөктүн жанынан спирт ичимдиктеринин бөтөлкөлөрү табылды.
Учурда бул адамдын сөөгү моргго жеткирилди. Окуя иликтөөгө алынды.
Ссылка: https://barometr.kg/content13146
Добавить комментарий ×