Кыз күйөөсү турса да төрт кайнисине турмушка чыкты

5 апреля 2018 13:52 7632 Barometr
Поделиться в:
ok

“Бул жерде баары Араб өлкөлөрүнөн тескерисинче. Тибетте ушул күнгө чейин полиандрия же болбосо көп күйөөгө чыгуу каадасы уланып келет”,-деп билдирген bigpicture.ru булагына эл аралык англис тилин окуткан мугалим кыз Джесси.

Ал көп жерлерде окутуу жүргүзүп анын ичинде тибеттиктерге дагы сабак берген. Бул ирет ал Тибеттин алыскы айылдарында сакталып калган салт тууралуу пикирин бөлшүкөн.

“Бул каада Тибетте байыртан келе жаткан салт жана аялдардын көп күйөөгө чыгууну максат кылганынан эмес, экономикалык себептерден улам келип чыккан. Анткени жакыр үй-бүлөлөр бир гана аялга калың бере алат жана аны дароо бойго жеткен уулдарына чогуу эле никелеп беришет. Кээ бир үй-бүлөлөр үй-жайды мурастап кала турган улуу баласын гана үйлөнтүшөт. Калган кайнилери улам чоңойгон сайын жеңесине үйлөнүп жашайт берет. Ортодогу балдар кимдин балдары экени талкууланбайт. Балдардын баарынын энеси бир болот.

Көп күйөөгө чыгуу жана монахтардын  өмүр бою үйлөнбөй коюшу тибеттик кыздар арасында абдан чоң атаандаштык жараткан жана алар никесиз төрөй берсе да эч ким каршы болбойт. Болгону кыздын ата-энесине күйөө бала эки жума иштеп берсе болду. Канчалык көп жигиттер менен жүргөн кыз болсо ошончолук ага көп коррал мончокторун белекке беришет. Ошондуктан көп мончогу бар кызга жуучу көп келет жана мындай кыздар көп бир туугандуу жерге гана барууга макулдук берет. Мен барган кезде Наджи аттуу кызды дароо беш бир тууганга күйөөгө беришти. Ошентип ал күйөөсүнөн тышкары төрт кайнисине да турмушка чыкты. Бул салт Тибеттин алыскы айылдарында сакталып келе жатат”,-дейт Джесси.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13137



Добавить комментарий