Урмат Бекболиев: Жубайым менен ажырашпайм, шаардык сотко арыз берем

3 апреля 2018 16:10 6987 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 2-апрелде Биринчи май райондук сотунда ырчы Анжелика Бекболиева менен анын жолдошу ишкер Урмат Бекболиев ажырашкан. Бул тууралуу ырчы өзүнүн Instagramдагы баракчасына жазган.

Бир аз кийинчерээк Урмат Бекболиев Govori.TV. сайтына өзүнүн ажырашуусу тууралуу пикирин билдирди.

“Биз экөөбүз тең сотто болгон жокпуз, биздин жактоочуларыбыз катышты. Соттун чечими бир айдан кийин гана күчүнө кирет. Мен ага чейин ишти кайра карап чыгууну өтүнүп, шаардык сотко арыз берем. Мен жубайым менен ажырашкым келбейт жана үй-бүлөмдү сактап калсам дейм”,-деп билдирди Урмат Бекболиев.

Эскерте кетсек, жубайлар 10 жыл бирге өмүр сүрүшкөн жана үч кыздын ата-энеси.

Ссылка: https://barometr.kg/content13064



Добавить комментарий